Media-savodli bo'ling!

RU KG KZ TJ UZ
  • Tasnif

Компьютердин негизги бөлүктөрү

Avtor: Таштемирова Бурмакан

Maqsad

Davomiyligi: 45 минута
2021-09-23

Предмет :  Информатика          

Класс:  6-класс

Сабактын темасы: Компьютердин негизги бөлуктөрү жана аткарган функциялары.

Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк: компьютердин негизги бөлүктөрүн билишет,  

                                        иштөө функциясын айтып бере  алышат.

                                     б)Тарбия берүүчүлүк: окуучулар тактыкка тарбияланышат.

                                      в) Өнүктүрүүчүлүк:  компьютерде иштөө көндүмүнө ээ болушат.

Колдонулуучу ресурстар: компьютер, телефон, телевизор, китеп.

Колдонулуучу платформалар: мультиурок, презентация, ютуб.

Сабактын жүрүшү:  а) уюштуруу

Б) Үй тапшырмасын текшерүү: Балдар биз өткөн сабакта компьютерде колдонулуучу  техникалык жана санитардык эрежелер жөнүндө сөз кылганбыз. Үйгө берилген тапшырмага карточкалардагы суроолорго жооп бересиңер.

В) Жаңы материалды түшүндүрүү:

 Компьютер –бул информация менен иштөөчү универсалдуу программа менен башкарылуучу электрондук түзүлүш.

Компьютердин негизги түзүлүштөрү: системалык блок, монитор, клавиатура, мышь жана эс. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта иштешет.Системалык блок- маалыматты кабыл алат,иштетет, жөнөтөт, сактайт .

Монитор- маалыматты чагылдырып көрсөтүүчү түзүлүш. Клавиатура – маалыматты киргизүүчү тузүлүш.Ошондой эле эс 2 ге бөлүнөт:  сырткы эс жана ички эс.

 1)Ички эс-бул процессор менен башкарылуучу компьютердин ичине орнотулган эс.

2) Сырткы эсте көлөмдүү информациялар сакталат.Сырткы эске компак дисктер, магниттик дисктер,флеш-карталар ж.б. кирет.

Сабакты бышыктоо:

 Бышыктоо үчүн суроолорду мултиуроктон тест түзгөмүн, ссылкага кирип жооп бересиңер.

http://multiurok.ru/tests/informatika-6-klass-12.html

Кошумча материал катары төмөндөгү презентацияга кирип көрсөңөр болот. http://multiurok.ru/files/kompiuterdin-negizgi-bolukoru.html

Кошумча маалымат катары төмөндөгү ссылкага кирип көрсөңөр болот.

https://youtu.be/V2g-z9Dvj44

Жыйынтыктоо: демек, компьютердин негизги түзүлуштөрү жана аткарган функциялары жөнүндө түшунүк алдыңар, суроолор болсо кайрылсаңар болот.

Баалоо: тесттик тапшырмага жооп бергендер, сабакта бири-биринин суроолоруна жооп бергендерге, өтүлгөн материал боюнча суроо бергендерге карап баалоо болот.